Өзбекстанды чейрек кылым башкарган президентинин кызына каршы козголгон кылмыш иши токтотулду
Швейцариянын Федералдык кылмыш соту Гүлнара Каримовага каршы козголгон ишти токтотуу чечимин кабыл алды. Ал акча адалдоо, ишенимсиз башкаруу, коррупция жана кылмыштуу уюмду жетектөө боюнча айыпталып жаткан. Бул тууралуу Швейцариянын радиосу жана телевидениеси билдирди.
Соттун төрагасы түшүндүргөндөй, чечим процесстик тоскоолдуктарга байланыштуу кабыл алынган: айыпталуучу 2028-жылдын декабрына чейин жазасын өтөп жаткандыктан, өлкөдөн чыга албайт. Ал эми сот мөөнөт эскиргенге чейин өкүм чыгара албайт.
Каримованын шериги боюнча да ишти улантууга тоскоолдук бар. Себеби айыпталуучу Орусиянын тургуну. А Орусия менен Швейцариянын ортосунда түз аба каттамы жок. Мындан тышкары, эл аралык камакка алуу ордерлерине байланыштуу ал үчүнчү өлкө аркылуу учкан учурда кармалып калуу коркунучу бар.
Ошол эле учурда сот иши Lombard Odier банкынын мурдагы активдерди башкаруучусуна жана банктын өзүнө карата уланууда. Айыптоонун версиясы боюнча, банк акча адалдоонун алдын алуу чараларын көргөн эмес жана өз кызматкеринин ишмердүүлүгүнө жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес.
Каримова жана Lombard Odier банкы өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагышууда.
Сот процесси 27-апрелде башталган. Каримова «Офис» аттуу кылмыштуу уюмду жетектеп, 2005–2013-жылдары жүз миллиондогон долларды Швейцариядагы эсептерге которгон деп айыпталууда. Ошондой эле банк жана анын мурдагы кызматкери бул каражаттарды жашырууда маанилүү роль ойногон деп шектелүүдө.
Гүлнара Каримова — Өзбекстандын 25 жыл президент болгон маркум Ислам Каримовдун кызы.
2015-жылы ал 10 жылга эркинен ажыратылып, кийин жаза мөөнөтү 5 жылдык үй камагына кыскартылган. 2020-жылы болсо кайрадан 13 жылга кесилип, кутум уюштуруу, опузалап акча талап кылуу, ысырап кылуу, талап-тоноо, акча адалдоо жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылган. 2019-жылдын жаз айларынан бери ал Ташкент облусундагы аялдар колониясында жаза өтөп жатат.
Өткөн жылдын февраль айында Өзбекстан менен Швейцария конфискацияланган активдерди бөлүштүрүү боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Каримовага таандык болжол менен 182 миллион доллар Өзбекстанга кайтарылмакчы.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

