Жанар Акаев мэриянын ишкерлерге болгон карызы эмне үчүн айтылбай жатканын ачыктады

Эсептөө палатасы мэриянын ишкерлерге болгон карызы боюнча толук эсептеп бүткөнгө чейин маалымат айтпай туруумду айтты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев бүгоүн, 11-май күнү Алымбек датка МАБдын тургундары менен жолуккандан кийин журналисттерге билдирди.

Акаев билдиргендей, Эсептөө палатасыы толук жыйынтык чыгарганга чейин маалымат бере албайт.

«Эсептөө палатасы жыйынтыкты чыгарууга аз калды. Өткөндө журналист коллегаларыма деп, маалыматтарды айткандан кийин, Эсептөө палатасы мага айткан, «биз эсептеп бүтө электе сен шашып цифраларды айтпай тур» дешкен. Ошону үчүн алардын эмгегин да сыйлап туралы. Жакынкы күндөрү айтышат», - деди ал.

Экс-мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында аткарылган иштерге акчалар төлөнгөн эместиги белгилүү болгон. Токторбаев кызматтан кетткенден кийин ишкерлер мэрия аларга акча карыз экенин айтып чыгышкан.

Ишкерлердин кайрылуусунан кийин Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ошко келип, нааразы болгон ишкерлер менен жолугуп, мэриянын карызы Турукташтыруу фондунан төлөнөрүн билдирген болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз