«Эч бир «снос» кайтарымсыз калбайт»: Ош мэринин орун басары компенсация үчүн 53 гектар жер транцформацияга жөнөтүлгөнүн билдирди

Гапар Айтиев менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде 3 объектим мамлекетимдин кызыкчылыгы үчүн алып коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 12-май күнү Керме-Тоо МАБнын тургундарынын мэр менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун билдирди.

Өзүн Мырзахмедова деп тааныштырган аял Гапар Айтиев менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде 3 объектиси 1 жыл мурун бузулуп кеткенин билдирди.

«Ошол жердеги 3 объектим 1 жыл мурун бузулуп кетти. Алар: каые, сулуулук салону, полиграфиялык борбор. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн «макул» деп өткөрүп бергенбиз. Бардык документтерибиз туура болгон. Ушул күнгө чейин компенсация жана жер берүү маселелери чечилбей келет. Ошог сизден сураныч, бизди өзүңүздү кабылдамаңызга кабыл алып чечип бербесеңиз болбойт. Себеби, биздин насыяларыбыз бар. Жаныбыздагылардын да насыялары бар, аларды банктар келип, үйллөрүн алганы жатат», - деди ал. 

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жакшылык Токтогон уулу аталган аялдын арызы аларда бар экенин, «бааланып, бүүт материалдар даяр болгон, берилүүчү жерлер бүгүнкү күндө трансформация этабында турат» деп жооп берди.

Курулуш тармагы боюнча вице-мэр Шумкарбек Пайзиев трансформацияга 53 гектар жер даярдалганын кошумчалады.

«Эже, сиз туура айтасыз. Бузулган объекттердин ээлеринин кээ бирлери бир жылдан бери компенсация алыша элек. Азыр биз ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Жашырганда эмне, ачык айтыш керек. Буга чейин трансформация маселелеринин юридикалык процедуралык документтери жүргөн эмес экен. Азыр биз бүт процедуралык документтерин даярдап, жерлерди бириктирип, алды – 53 гектар жерди трансформацияга жөнөттүк. Буюрса, ашып барса 2 айда бүтүп калат. Бүтөрү менен баарынын жерлерин мыйзам чегинде баалап, бөлүп беребиз. Бузулган объекттердин эч бири кайтарымсыз калбайт», - деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз