Оштун тургуну шаар мэрин Өзгөн көчөсүнө сейилдөөгө чакырды

Ош шаарынын мэринин Курманжан-Датка МАБынын жолугушуусу өтүүдө. Анда Өзгөн көчөсүнүн Борис аттуу  аталган көчөдө унаалардын кыймылы абдан көп болуп, балдар ойногонго, сейилдөө жай жок экенин айтты.

«Урматтуу мэр, Өзгөн көчөсүндө жашайбыз. Биз мэриянын ишин баалайбыз, сизге рахмат! Бүгүн сиздин көңүлүңүздү Өзгөн көчөсүнө бургум келди. Анткени, ал көчөдө абал начар. Бул көчө шаардын борборунда жайгашкан. Бул көчө абдан аянычтуу. Эл абдан тыгыз жайгашкан. Балдар абдан көп. Мындан сырткары, жаныбызда махалла бар. Бул кичинекей көчөдө унаа менен жүрүү мүмкүн эмес. Былтыркы жылы мен мэрдин кабылдамасына баргам. Бир сөз менен айтканда, ал таңга маал Өзгөн көчөсүндө чуркап жүрүптүр. Ага жолуккандан кийин атайын план түзүлдү эле. План чала түзүлгөн окшойт. Себеби, азырга чейин ишке аша элек. Биз ошол учурда да суранганбыз жана азыр да суранабыз, сизди бул көчөгө таңга маал чуркоого чакырабыз. Ошондой эле кечкисин келип, сейилдеп кетиңиз. 

Эгер унаалардын баары парковкада туруп, балдар ойной турган учурда бир нерсеге күбө болосуз. Унааларга да, балдар ойногонго да жай калбай калат. Жашыл аймак боюнча такыр айтып болбойт. Бул биринчи маселе. Экинчиси, биздеги маалымат боюнча Аскердик кафедранын жанын абдан чоң балдар ойноочу аянтчабыз бар. Биздин райондогулар ошол балдар ойноочу аянтчаны реконструкциялоону кыялданышат. Биздеги маалыматка ылайык, ошол жерге 4 кабаттуу үй курулары айтылууда. А бул деген сөз 50-60 батир деген сөз. 300-400 адам жашайт дегенди билдирет. Болжолдуу 150-200 бала жашайт дегенден кабар берет. Ошондой эле 100дөнашык унаа пайда болот деген сөз. Азыркы учурда ал жакка биз батпай жатабыз, анан кантип алар батышы мүмкүн? Мындайча айтканда, алар да «жазаланат», биз дагы «жазаланабыз». Андыктан, сизден суранабыз, биздин абалда нкабар алып кетиңиз», - деди ал. 

Вице-мэр Эрнис Толтоев 3 айлык ишембиликтин алкагында Өзгөн көчөсүндө былтыркыга салыштырмалуу иреттелгенин, кийинчерээк дагы шарттар түзүлөрүн билдирди. 

Курулуш иштери боюнча вице-мэр Шумкарбек Пайзиев аталган жаран туура айтып жатканын, анда 30 сотых муниципалдык жер бар экенин, анда бардык нормалар каралып, муниципалдык ипотекалык үй курулары боюнча чечим кабыл алынганын айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз