Жанар Акаев: НСПнин жарымы, бирдиктүү салыктын үчтөн бири Ош шаарынын казынасына калышы мүмкүн
Сатуудан түшкөн салыктын 50 пайызын, бирдиктүү салыктын 20-30 пайызын Ош шаарына калтырып берүү маселесин сурадык. Мындай маалыматты Ош шаарынын мэри Жанар Акаев бүгүн, 15-май күнү Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугуушу учурунда жергиликтүү тургундун жолго асфальт төшөө маселесине жооп берип жатып билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Акаев белгилегендей, НСПнин 50 пайызын Ошко калтыруу маселесин Салык кызматы жактырган. Ошондой эле, Турукташтыруу фондунан жол курууга 1 млрд 200 млн сом акча берилген.
«Ушул тапта 11 көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатат. Биз түнү-күнү көзөмөлдөп жатабыз. Жалпы быйыл асфальтто иштерин 50 чакырымдан ашырабыз. Бекмамат Осмонов көчөсү өзү эле 11 чакырым болуп жатат.
Бизде бюджеттин билесиз эми, өнүктүрүү үчүн шаардын өзүндө 1 млрдга жетпеген акча бар. Бирок, өткөндө мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Турукташтыруу фондунан жок дегенде мурдагы карыздарыбызды болсо да жаап туралы. Анан «жолдорубузду, курлушчуларыбызды токтотпойлу» деп ыйлап жатып, 1 млрд 200 млн акча каражатын алып келип, азыр жолдорубузду, курулуштарыбызды улантып жатабыз. Эми кудай буюрса, дагы жакында каражат алып келебиз. Ошондо акыбал өтө оор жолдорду биринчи орунга коебуз. Ага чейин Жеңиш Курманбекович [Жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңиш Шоноев ] тегиздеп, жакшынакай кылып, жанагы шагыл төгүп, мында бир чаңыбай тургандай кылып, асфальтка даярдоо иштерин жүргүзөт.
Эми биз кырдаалдан чыгышыбыз керек да Ошту өнүктүрүү үчүн. Ойлонуп отуруп, өткөндө МинКабга, президентке бир жолду сунуштадым. Компенсация маселебиз турат, карыздарыбыз турат, жолдорубузду бүтүрүшүбүз керек, 4 эстакадалык көпүрө куруп жатабыз, андан сырткары 24 социалдык объектин курулушу бар. Бизге акча керек. Азыр МинКабга сунуштадым, Салык кызматынын башчысы жактырып берди, «НСП – сатуудан түшкөн салыктын 50 пайызын 1-июндан тартып Ош шаарына калтырып бериңиз» деп мен МинКабга сунуштадым. Ошондой эле бирдиктүү салыктын 20-30 пайызын сурадык. Ош кичине бутубузга туруп алганга чейин ошол салыктарды биздин Ош шаарына калтырсак, айына 100 млндон ашык каражат, салыктан эле бизге түшүп турат. Мына ошондо биз силердин жолдоруңарды баштап, ушуга окшогон маселелердин бардыгын чечебиз», - деди ал.
Жанар Акаев мындан сырткары кытайлык ишкерлерге кайрылып, «Министрлер кабинети кепил болсо, 4-5 жылда акчасын бере тургандай система менен жолдорду куруп бергиле» деген сунушун айтканын билдирди.
«Керек болсо мен азыр айрым кытай компаниялары менен сүйлөшкөн учурда да айтып жатам: «Эй, Министрлер кабинети гарант болсо, 4-5 жылда МинКаб акчасын кайтара тургандай кылып жолдорду куруп бергиле». 2-3 жылда 2-3 жылда асфальттан абдан алдыга кетели деген планыбыз бар.
«Экинчи борбор» дейбиз, башка дейбиз, шаардын сыртындагы жолдорду карап жүрөм да менчи, алыскы чек аралаш райондордо дагы мындай жолдор калган эмес. Чоң-Алайда, Лейлекте мындай жолдор жок. Бирок, биздин Ош шаарыбызда ушундай жолдор калган», - деди Акаев.
2025-жылы август айында "Ош жаңырыгы" Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго шилтеме берүү менен НСПнин 50 пайызын Ош шаарына калтыруу тууралуу маселе бар экенин жазган.
Ал учурда Шыкмаматов жаңы Борбордук базарга барып, Ош шаарынын экс-мэри Жеңишбек Токторбаевге НСПинин 50 пайызын калтыруу боюнча пилоттук долбоор башташ керектигин билдирген болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

