CAVA-U-20: Кыргызстандын курамасы Түркмөнстанды жеңди
Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) Тажикстанда өтүп жаткан Азиянын аймактык чемпионатындагы алгачкы жеңишине жетти.
Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) курамалары катышкан мелдеш ушул күндөрү Турсунзаде шаарында өтүүдө. Турнирге жалпы беш курама команда катышууда.
15-май күнү үчүнчү турдун алкагында Нурбек Жолдошев жетектеген Кыргызстандын жаштар курамасы Түркмөнстандын теңтуштары менен беттешти.
Оюндун 66-мүнөтүндө Умар Талантбековдун пасынан кийин Арлен Имеров эсепти ачып, Кыргызстанды алдыга чыгарды — 1:0.
Негизги убакыттын соңку секунддарында түркмөнстандык футболчулар жооп голун киргизип, эсепти теңешти — 1:1.
Беттештин калысы негизги убакытка 5 мүнөт кошту.
Кошумча убакыттын акыркы мүнөтүндө кыргызстандыктар экинчи голду жараткан. Талантбеков атаандаш команданын эки борбордук коргоочусунун катасынан пайдаланып, дарбазаны көздөй чыгып барган, бирок дарбазачы менен кагылышкан. Алмашууга чыккан Кадыр Өмүрзаков бош калган дарбазага топту киргизип кеткен.
Бирок VAR системасын колдонгон калыс Талантбеков эрежени бузган деп таап, голду эсептеген жок.
Ошого карабастан Кыргызстандын курамасы чабуулун улантып, 99-мүнөттө жеңиш голун киргизе алды. Бул жолу дагы атаандаштын айып аянтчасында пайда болгон Өмүрзаков топту башы менен дарбазага багыттап, командасына жеңиш алып келди.
Жыйынтыгында Кыргызстан 2:1 эсебинде жеңип, турнирдеги алгачкы 3 упайына ээ болду.
Эске салсак, биринчи турда Жолдошевдин тарбиялануучулары Өзбекстанга 0:2 эсебинде утулуп, экинчи турду өткөрүп жиберишкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

