Си Цизиньпин менен Путин Бээжинде жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянтында жайгашкан Элдик жыйындар үйүнө барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Орусия лидери аянтка өзүнүн Aurus үлгүсүндөгү унаасы менен келип, аны Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тосуп алды. Эки өлкө башчысы кол алышып учурашты.

Орусия президентинин Кытайга болгон сапары 19-20-май күндөрү өтүүдө. Владимир Путин менен бирге Бээжинге дагы 39 адам барган. Алардын арасында беш вице-премьер, сегиз министр, президенттик администрациянын өкүлдөрү жана ири бизнес өкүлдөрү бар. Сүйлөшүүлөр кеңейтилген жана тар курамда өтөт.

Владимир Путин менен Си Цзиньпин эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулашат. Мындан тышкары, мамлекет башчылары «Сибирдин күчү-2» долбоорун ишке ашыруу маселесин кеңири карашы күтүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз