Чет өлкөлүк жарандын Бишкекте өлтүрүлүшү: эки шектүү Таиланддан кармалды
Таиландда Интерпол аркылуу Бишкектеги адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды, деп билдирди 18-майда ИИМ.
Тактап айтканда эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2000-жылы туулган Р.А. жана Н.А. кармалышты.
2026-жылдын апрель айында ички иштер органдарына 1963-жылы туулган Ж.Ч. аттуу чет элдик жаран дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк эркек кишинин жансыз денеси Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы токойдон табылган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар адамдардын тобу кармалган. Ошол эле учурда дагы эки шектүү Р.А. жана Н.А. өлкөдөн жашыруун чыгып кетип, Пхукетке барышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

