Си Цзиньпин Путиндин Монголия аркылуу курулушу пландалган "Сибирдин күчү 2" газ куурун куруу өтүнүчүн кайрадан четке какты

Бул макаланын автору Монголияда жашарын жана өлкөдө ири көлөмдөгү метан запастары табылганын билдирген, деп жазат "CentralAsia".
Чынында, Монголиянын Гоби бассейнинен эң таза жаратылыш газы катары эсептелген ири метан кени табылган. Балким, Монгол элдик партиясы (посткоммунисттик партия) бул газ кууру биздин аймак аркылуу өтүшүн каалап жаткандыр, бирок эл бул идеяга сын көз менен карайт, — деп жазган MiddleAsianNews басылмасынын автору.

Белгилей кетсек, Монголияда аныкталган чоң метан запастары азырынча сыноо иретинде казылып жатат. Бирок кен Кытайдын түндүк газ тармагынан болгону бир нече ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан.

Орусия Украинадагы согуш башталгандан берки бешинчи, ал эми Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүндөгү Кытайга болгон 25-сапары да «Сибирдин күчү-2» газ куурун куруу боюнча Москва күткөн жыйынтыкты алып келген жок.

10 жылдан ашык убакыттан бери талкууланып жаткан бул долбоор Кытайга газ жеткирүүнү жылына 100 млрд кубометрге чейин көбөйтүүнү карайт. Бирок айрым «тактала элек жагдайлар» дагы эле кала берүүдө. Бул тууралуу Путин менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Айрым нюанстар боюнча дагы сүйлөшүү керек», — деген Песков негизги параметрлер жана болочок газ куурунун багыты боюнча түшүнүшүү бар экенин, бирок долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү боюнча так келишим жок экенин айтты.

«Азырынча так мөөнөт жок. Бул коммерциялык маалымат. Бирок бул чоң жетишкендик», — деп Песковдун сөзүн «Интерфакс» агенттиги келтирди.

Путин Бээжинге 5 вице-премьерди, 8 министрди жана «Газпром», «Роснефть» сыяктуу ири мамлекеттик компаниялардын жетекчилерин камтыган чоң делегация менен барган. Ал сапар учурунда Орусия менен Кытайдын кызматташтыгында «чексиз мүмкүнчүлүктөр» бар экенин айтып, Кытайга мунай, көмүр жана газ үзгүлтүксүз жеткириле турганын белгилеген.

 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Москва менен Бээжин 40 документке кол койгон. Бирок Кремль жарыялаган тизмеде алардын биринде да «Сибирдин күчү-2» же мунай-газ тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз болгон эмес.

Жаңы газ кууру боюнча негизги талаш маселе — газдын баасы бойдон калууда. Бул тууралуу мурда кырдаалдан кабардар булак Financial Times басылмасына билдирген. Анын айтымында, Кытай газдын баасын Орусиянын ички баасына жакын деңгээлге түшүрүүнү талап кылууда.

Бул болжол менен миң кубометр үчүн 50 долларды түзөт. Азыр Кытай төлөп жаткан баа миң кубометр үчүн 258 доллар болсо, башка чет өлкөлүк кардарлар үчүн «Газпромдун» баасы 420 долларга жетет.

Мындан тышкары, Кытайда газга болгон суроо-талап эң жогорку чекке жеткен болушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондуктан Бээжин кошумча көлөмдө газ сатып алуу боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алуудан этият болууда.

Азыр Кытай Орусиядан жылына 38 млрд кубометр газ сатып алат. Бул «Газпромдун» алыскы чет өлкөлөргө экспорттогон көлөмүнүн жарымына барабар. Компаниянын экспорту 1980-жылдардын аягынан берки эң төмөнкү деңгээлге жакын бойдон калууда.

Орусиянын өкмөтү он жылдыктын аягына чейин Кытайга газ жеткирүүнү 47 пайызга көбөйтүп, жылына 56 млрд кубометрге жеткирүүнү пландап жатат. Кошумча көлөм Ыраакы Чыгыш багыты аркылуу (12 млрд кубометр) жана «Сибирдин күчү-1» газ куурунун кубаттуулугун кеңейтүү (6 млрд кубометр) эсебинен камсыздалат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз