АКШ Иранга дагы сокку урду

25-майда АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык күчтөр Ирандын түштүгүнө сокку жасаганын билдирди.

Командачылыктын өкүлү Тим Хокинстин айтымында, соккулар мина коюуга аракет кылган кайыктарга жана ракета учуруучу аянтчаларга карата жасалган.

«Reuters» ирандык маалымат каражаттарына таянып, Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан Бендер-Аббас шаарында жарылуулар угулганын жазды.

Ирандын аскердик командачылыгынын өкүлү Эбрагим Зольфагари соккулардан кийин билдирүү жасап, эгерде АКШ Жакынкы Чыгышта согуш аракеттерин уланта берсе, мунайдын баасы кескин түрдө 200 долларга чейин өсөрүн эскертти. Ал ошондой эле АКШ сокку урууну токтотмоюнча, макулдашуу болбой турганын баса белгиледи.

АКШ менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотуу режими 7-апрелден бери күчүндө. Тараптар тынчтык келишиминин үстүндө иштеп жаткан маалда ок атышууну токтотуу режимин 60 күнгө узартууну караган өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоорун иштеп чыгышты. АКШ Ирандан Ормуз кысыгын ачууну жана байытылган уранды чыгаруусун талап кылууда. Тегеран болсо АКШ киргизген деңиз блокадасын алып салууну талап кылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз