АКШ Ирандагы аскердик объектилерге сокку урду. Тегеран жооп берерин билдирди
Америкалык аскерлер Горук аймагындагы жана Кешм аралындагы ирандык радиолокациялык объекттерге жана учкучсуз аппараттарды башкаруу пункттарына сокку урганын АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.
Маалыматта 30-31-майда жасалган соккулар эл аралык сууларда учуп жүргөн америкалык MQ-1 учкучсуз аппаратын жок кылган Ирандын аракетине жооп болгону айтылат. Ирандык ЖМКлар 30-майга караган түнү америкалык дрон жок кылынганын кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, америкалык аскерлер Ирандын абадан коргонуу каражаттарын, жердеги башкаруу пунктун жана эки сокку уруучу дронду жок кылышты.
АКШ командачылыгынын билдирүүсүнөн кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) америкалык аскерлер Сириктеги (Хормозган провинциясы) телекоммуникациялык мунарага сокку урганын жарыялады. Жооп катары корпус чабуул жасалган авиабазага сокку уруп, буталарды жок кылды.
АКШнын ири базасы жайгашкан Кувейттеги абадан коргонуу системалары дүйшөмбү күнү ракеталарды жана дрондорду кармап калганы, өлкө боюнча айгайлар жаңырганы кабарланды.
Ошол эле учурда, АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү эртең менен социалдык тармакта Тегеран Вашингтон менен макулдашууну каалап жатканын жазды. «Рейтер» агенттигинин булактары кабарлагандай, америкалык жана ирандык дипломаттар бейшемби күнү келишимдин негизги шарттарын макулдашышкан, бирок ал акыркы вариантта түзүлө элек болчу. Эки тараптын ортосунда ок атууну токтотуу режими апрель айынын башында орнотулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

