Мурдагы премьер-министрдин уулу Казакстандын тергөө абагында кармалууда

Мурдагы премьер-министр Д.У.нун уулу — У.У. Алматы шаарындагы №18 тергөө абагында кармалып турат, деп жазат "АКИпресс" басылмасы 3-июнда өздүк булактарына шилтеме берүү менен. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жана дагы Кыргызстандын эки жараны — Е.Ж. жана А.Н., ошондой эле Казакстандын жараны Б.А. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 3-бөлүгү, 214-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Кылмыштуу топ тарабынан уюштурулган мыйзамсыз ишкердик) жана 264-беренесинин 1-бөлүгү (Трансулуттук уюшкан топту же трансулуттук кылмыштуу уюмду түзүү, ошондой эле ага же анын түзүмдүк бөлүмүнө жетекчилик кылуу) боюнча шектелип жатышат.

Алматы шаарынын мамлекеттик кирешелер департаментинин адиси келтирилген зыяндын көлөмүн 26 млн теңге деп аныктаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз