Алмамбет Шыкмаматов Профессионалдык бокс лигасынын президенти болду

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болуп дайындалды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай чечим 2026-жылдын 12-майында өткөн Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын коллегиялык жыйынында кабыл алынган.

Ардактуу наамдын медалын лиганын президенти Шайлообек Атазов тапшырды.

Бул макам Алмамбет Шыкмаматовго мамлекеттүүлүктү чыңдоого, укуктук системаны өнүктүрүүгө, мамлекеттик бийлик институттарын бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы, коомдук-саясий турмушка жигердүү катышуусу, ошондой эле спортту өнүктүрүүгө, жаштарды колдоого жана өсүп келе жаткан муунду патриоттук духта тарбиялоого багытталган демилгелерди колдогону үчүн ыйгарылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз