Кыргызстанда оор кылмышка шектелгендер Грузиядан экстрадацияланды

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Грузия жана Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн, оор кылмыштарга шектелген эки жаранды Кыргызстанга экстрадициялады.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, алардын бири — Т.Ж. аттуу жаран адам уурдоого айыпталууда. Тергөө версиясы боюнча, ал жана анын шериктери жабырлануучуну алдын ала сүйлөшүп алып шаар сыртына чыгарып кетишкен. Андан соң күч колдонобуз деп коркутуп, ага таандык коммерциялык уюмду өздөрүнүн атына өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.

Экинчи шектүү — Х.А. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөө маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирип, мыйзамсыз жол менен алардын мүлкүн ээлеп алган. Натыйжада келтирилген зыяндын көлөмү 90 миллион сомдон ашкан.

Экстрадицияланган жарандар Грузиядан Кыргызстанга Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда жеткирилип, андан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө абагына киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз