Бишкекте "Бандит" операциясынын алкагында 20дан ашык УКТнын мүчөлөрү милиция жеткирилди

Милиция кызматкерлери «Бандит» ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү, деп билдирди 6-июнда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.

Рейддин максаты — тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдарды издөө, мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана баңгизаттарды аныктоо жана алуу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин алдын алуу иштерин жүргүзүү болду.

20дан ашык адам милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алардын ИИМде активдүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз