Оштун мэри президентке 3, 5 млрддык долбоорду көрсөттү

Кечээ, 8-июнда президент Садыр Жапаров Ош облусундагы кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысына шаар чөйрөсүн модернизациялоого багытталган негизги инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор тааныштырылды.

Анын ичинде аянты 22 миң чарчы метрден ашык жана 5200 орунга ылайыкталган көп функционалдуу спорттук арена бар.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев белгилегендей, аянт жаштар үчүн спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайга айланат.

Мындан тышкары, туристтерге жана кол өнөрчүлөргө багытталган этно-тарыхый комплексти куруу пландалууда. Анын аймагында сейил бак жана тарыхый-маданий зоналар, соода аянтчалары жайгашат.

Ошондой эле эл аралык франшизалар боюнча иштеген мейманканаларды жана мектептердин филиалдарын куруу иштерин баштоо пландалууда.

Ош шаарынын мэри бул долбоорлор заманбап жана инвестициялык жактан жагымдуу имидж түзүп, шаардын архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн өзгөртөрүн белгиледи.

Сунушталган долбоорлор менен таанышып чыккандан соң Садыр Жапаров аткарылып жаткан иштердин сапатына жана тартылган инвестицияларды натыйжалуу пайдаланууга артыкчылыктуу көңүл бурууну тапшырды. 

Сүрөттөгү маалыматка ылайык, Жанар Акаев 3,5 млрддык долбоор боюнча маалымат берүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз