Эми мамлекеттик университеттердин жетекчилери үчүн окумуштуулук наамга ээ болуу милдеттүү талап болбойт

Министрлер кабинети мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы тартипке ылайык, эми мамлекеттик университеттердин жетекчилери үчүн окумуштуулук наамга ээ болуу милдеттүү талап болбойт.

Бирок талапкерлер жогорку билимге, илим кандидаты же PhD даражасына жана кеминде 5 жылдык илимий-педагогикалык тажрыйбага ээ болушу керек.

Ошондой эле маданият жана искусство тармагындагы окуу жайлар үчүн мурдагы өзгөчө шарт сакталды. Бул багыттагы ЖОЖдордун жетекчилери илимий даражасы жок болсо да, маданият жана искусство жаатындагы ардактуу наамынын негизинде дайындала алышат.

Мындан тышкары, өзгөртүүлөр саламаттыкты сактоо тармагындагы жогорку окуу жайларга да жайылтылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз