Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасы Монголиядагы мелдеште 2-орунду багындырды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Монголияда өткөн эл аралык рейтингдик мелдеште командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

4–7-июнь күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында Ulaanbaatar Open рейтингдик турнири өттү.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде жалпысынан 10 салмак категориясында медалдар ойнотулуп, Кыргызстан намысын 8 балбан коргоду.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңип алышып, 105 упай топтошту. Натыйжада Кыргызстандын курама командасы 13 өлкөнүн арасында командалык эсепте экинчи орунду камсыз кылды.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз