Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу 10-июнда өтөт
Мурдагы башкы прокурор, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович менен коштошуу зыйнаты 10-июнда өтөт, деп билдирди 9-июнда ИИМдин басма сөз кызматы.
Абдылдаев 8-июнда 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Коштошуу зыйнаты саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

