Трамп Иран Ормуз кысыгында америкалык тик учакты атып түшүргөнүн билдирди. АКШ Иранга сокку урду

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранды Ормуз кысыгында америкалык тик учакты атып түшүрдү деп айыптагандан кийин, АКШ Иранга каршы сокку урду. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди.

АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматына ылайык, америкалык аскерлер шейшемби күнү чыгыш убактысы боюнча саат 17:00дө (Улуу Британиянын жайкы убактысы боюнча 22:00дө) тик учактын атып түшүрүлүшүнө жооп катары чабуулдарды баштаган.

«Бул операция Ирандын негизсиз агрессиясына карата тең салмактуу жооп болуп саналат», — деп айтылат CENTCOMдун билдирүүсүндө.

Axios басылмасы америкалык аткаминерге шилтеме берүү менен АКШнын аскерлери Ирандын абадан коргонуу системаларына жана радардык объектилерине сокку урганын жазды.

Президент Дональд Трамп шейшемби күнү Иран Ормуз кысыгынын аймагында АКШнын Apache үлгүсүндөгү согуштук тик учагын атып түшүргөнүн билдирди.

«Биздин мыкты армиябыз кечээ кечинде ирандыктар Ормуз кысыгында күзөт жүргүзүп жаткан өтө заманбап Apache тик учагыбыздын бирин атып түшүргөнүн маалымдады. Анда эки учкуч болгон, экөө тең аман-эсен. Ошентсе да, АКШ бул чабуулга жооп кайтарууга тийиш», — деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.

ABC News телеканалына берген маегинде Трамп Иранга карата жооп соккулар «өтө күчтүү» болорун эскерткен.

«Биз азыр эле жооп берип жатабыз. Бул алардын биздин тик учагыбызга жасаган аракетине жооп. Менин оюмча, жооп өтө күчтүү жана чечкиндүү болушу керек, дал ошондой болуп жатат», — деди ал.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын жаңы соккуларына X социалдык тармагында жооп кайтарды.

«Согуш талаасындагы ийгиликсиздиктеринен кийин АКШ биздин чечкиндүүлүгүбүздү сынап көрүүнү чечти. Биздин кубаттуу куралдуу күчтөр эч бир кол салууну же коркунучту жоопсуз калтырбайт», — деп жазды ал.

Ошондой эле ал: «Коопсуз болгуңар келсе, биздин аймактан чыгып кеткиле», — деп кошумчалады.

Кийинчерээк Tasnim агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) билдирүүсүнө таянып, Иран АКШнын аймактагы объектилерине карата ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурганын маалымдады.

Ормуз кысыгында тик учактын кулашы тууралуу маалыматты алгач New York Times гезити анонимдүү булактарга таянып жазган. Кийинчерээк бул маалыматты Трамп да ырастаган. Бирок тик учак эмне себептен кулаганы тууралуу алгач эч кандай маалымат берилген эмес.

Иран өз аскерлери америкалык тик учакты атып түшүргөнүн түздөн-түз билдирген жок. Бирок Трамптын билдирүүсүнөн көп өтпөй Аббас Аракчи чет элдик аскерлерди Ормуз кысыгынан жана ага чектеш аймактардан чыгып кетүүгө чакырып, алардын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн экенин эскерткен.

«Ормуз кысыгы эл аралык суулар эмес, ал Иран менен Омандын биргелешкен аймагы болуп эсептелет. Биздин аймакка жакын жайгашкан чет элдик аскерлер адамдык каталардан, кокустуктардан же кайчылаш атышуунун курмандыгы болуп калуу коркунучунан улам дайыма тобокелчилик алдында турушат», — деп жазган Аракчи.

«Бул коркунучтарды азайтуунун эң жакшы жолу — бул аймактан чыгып кетүү», — деп кошумчалаган ал.

Трамп билдирүү жасаганга чейин CENTCOM Перс булуңунда кулап түшкөн Apache тик учагынын эки учкучу куткарылганын кабарлаган.

Командачылыктын өкүлүнүн айтымында, Бахрейнде жайгашкан америкалык Task Force 59 атайын бөлүгүнүн деңиз дрону учкучтарды суудан алып чыгып, коопсуз жайга жеткирген. Андан соң аларды башка тик учак алып кеткен.

Бир нече сааттан кийин CENTCOM Иранга каршы операция аяктаганын жарыялады. Маалыматка ылайык, америкалык аскерлер Ормуз кысыгынын аймагындагы Ирандын абадан коргонуу объектилерин, жердеги башкаруу борборлорун жана радиолокациялык станцияларын бутага алышкан.

Бул 28-февралдан бери, Иран менен жаңжалдын жаңы баскычы башталгандан кийинки мезгилде, АКШ жоготкон биринчи Apache тик учагы болуп калды.

Акыркы күндөрү аймактагы абал ок атышууну токтотуу режими күчүндө болгонуна карабастан кайрадан курчуп кеткен. 7-июнда кечинде Иран апрель айынын башынан бери биринчи жолу Израилге карай ракеталарды учурган. КСИР бул аракетти Израилдин Ливандын борбору Бейруттагы «Хезболла» кыймылынын таасири күчтүү райондоруна жасаган аба соккулары менен байланыштырган.

Буга жооп катары Израиль да Ирандагы объектилерге соккуларын жандандырган. Ал эми 8-июнда Израиль менен Иран согуштук аракеттерди убактылуу токтотуу тууралуу билдиришкен.

Иранга каршы жооп чаралары жарыяланганга чейин Дональд Трамп Тегеран менен тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айткан.

«Биз өтө жакшы келишимдин акыркы баскычында турабыз. Иран менен сүйлөшүүлөр жакынкы эки-үч күндүн ичинде аякташы мүмкүн», — деген АКШ президенти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз