Дүйнө чемпионаты: 3 оюнчу четтетилген оюнда Мексика жеңишке жетишти

Мексиканын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады.

Турнирдин ачылыш оюнунда мексикалыктар өздөрүнүн «Ацтека» стадионунда Түштүк Африка Республикасынын курама командасына каршы ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.

2026-жылкы мундиалдын алгачкы голун Сауд Арабиясынын «Аль-Кадисия» клубунун чабуулчусу Хулиан Киньонес 9-мүнөттө киргизди.

Экинчи таймдын башталышында коноктор азчылыкта калды, ал эми 67-мүнөттө «Миландын» оюнчусу Раул Хименес экинчи голду киргизди.

Оюндун соңунда бразилиялык калыс ар бир командадан дагы бирден оюнчуну четтетти.

Мексика 2:0 эсебинде жеңишке жетип, турнирдеги алгачкы 3 упайын топтой алды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз