Түштүк Корея чемпионатты жеңиш менен баштады

2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын экинчи беттеши аяктады.

А тайпасынын биринчи турунда Мексиканын Сапопан шаарындагы «Эстадио Акрон» стадионунда Түштүк Корея менен Чехиянын курамалары беттешти.

Биринчи таймда көрүүчүлөр гол күбө боло алышкан жок. Корейлер активдүү ойноп, үстөмдүк кылышты. Сон Хын Мин бир нече мүмкүнчүлүк жаратканы менен, дарбазага так сокку ура алган жок.

Экинчи тайм да корейлердин чабуулдары менен башталды. Алар топко көбүрөөк ээлик кылып, Сон Хын Мин жалгыз чыгып кеткен учурда да мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган жок.

59-мүнөттө Чехия күтүүсүздөн эсепти ачты. Владимир Цоуфал ауттан топту оюнга киргизип, Ладислав Крейчий башы менен так сокку жасап, эсепти 1:0 кылды.

Чехиянын машыктыруучусу дароо эле чабуулдагы үч оюнчусун алмаштырды. Бирок көп өтпөй Корея эсепти теңеди. Хван Ин Бом Ли Кан Индин пасынан кийин топту бурчка так багыттап, эсепти 1:1 кылды.

Андан кийин Кореянын машыктыруучусу кош алмашуу жасап, Сон Хын Минди оюндан чыгарды. Чехия кайрадан алдыга чыгууга аракет кылып, стандарттык абалдан гол киргизген, бирок Томаш Соучектин 77-мүнөттөгү голу офсайддан улам эсепке алынган жок.

80-мүнөттө Корея жеңиш голун киргизди. Хван Ин Бомдун пасынан кийин О Хён Гю айырмаланып, эсепти 2:1 кылды.

Корейлер оюн аягына чейин артыкчылыгын сактап, маанилүү үч упайга ээ болушту.

Бул тайпадагы башка биринчи турдагы беттеште Мексика Түштүк Африканы 2:0 эсебинде жеңди.

Экинчи турда 18-июнда Чехия Түштүк Африка менен ойнойт. Ал эми Мексика 19-июнда эртең менен Түштүк Кореяны кабыл алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз