Денис Петрашов АКШдагы турнирде күмүш медалга ээ болду
Кыргызстандык Денис Петрашов АКШда өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирде дагы бир медаль тагынды.
Ал 21-июнда Индианаполис шаарында (Индиана штаты, АКШ) жыйынтыкталган T«YR Pro Series» турниринин кезектеги этабына катышты.
20-июнь күнү брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү боюнча алдын ала жарыштар өттү. Петрашов 1 мүнөт 0,51 секунд көрсөткүч менен финалга чыкты. Финалдык жарыш Бишкек убактысы боюнча 21-июнда таңда өттү.
Петрашов 59,39 секундда маарага жетип, 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.
19-июнда кыргызстандык спортчу 200 метр аралыкта 1-орунду ээлеп, алтын медаль уткан болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

