Кара-Сууда жеңил унаа жаш балдарды сүзүп кетти
Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил унаа 4 жаш баланы сүзүп кетти. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарады, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя кечээ, 21-июнда саат 20:00 чамасында болгон. Унааны жаш кыз башкарып бара жаткан.
Видеодон жол четинде ойноп жаткан жаш балдар унаадан качканына карабай, унаанын айдоочусу балдар тарапка айдап, 4 баланы сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2026-жылдын 21-июнь күнү саат 20:00 чамасында Датка айыл аймагынын Ташлак айылында Алай районунун 1980-жылы туулган тургуну И.А. өзүнүн «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, жөө жүргүнчү — Фуркат айылынын 1991-жылы туулган тургуну Т.к.Н.ны жана анын 2014-жылы туулган кызы Т.З.ны сүзүп кеткен.
Жөө жүргүнчүлөр Ош облустук балдар ооруканасына кайрылган. Жол-транспорт кырсыгы боюнча райондун ыкчам тергөө тобу чыгып, тиешелүү материалдар чогултулуп, автоунаа убактылуу айып короого токтотулду.
Ош облустук балдар ооруканасынын маалыматына караганда, жол кырсыгынан кийин 4 бала кайрылган. Абалдары туруктуу болгондуктан медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

