Ош: Селден улам каза болгондордун өздүгү аныкталды

Ош облусундагы селден улам каза болгон адамдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.

Сел жүргөн учурда жеңил унаада 8 адам бара жаткан. 5 жаран окуя болгон жерде каза болуп, 3 жаштагы кыз жолдо тез жардам унаасында каза тапкан.

Алай райондук ооруканасынын башчысы Дайыр Адыровдун айтымында, Оштон келе жаткан санавиация 3 баланы ооруканага жеткирген.

«Биздин ооруканага 10 жаштагы эки бала келген. Бир баланын абалы жакшы болгон үчүн амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылган. Бир баланын абалы орто оор деп бааланууда. Баш мээси чайкалган, суу жутуп, катуу коркуп калган. Жолдо келе жатып 3 жашар кыз тез жардам унаасында кайтыш болуп калды. Бизден да тез жардам барган. Бирок Оштон келе жаткан санавиацияга туш келип, алар ооруканага алып келишти», — деди Адыров.

Каза болгондордун ичинен 3 адам Алай районунун Корул айылынын тургундары болгон.

«Биздин айылдан бир келин 3 баласын чоң аталарына алып келип жүрүп, Казакстанга 3 баласы менен жолго чыккан экен. Уулу 10 жашта, кызы 7 жаш, дагы бир кызы 3 жашта болгон. Уулу аман калды. Эки кызы менен 1992-жылы туулган келин каза болуп калды. Көптөн бери Казакстанда иштеп жүрүшкөн. Балдардын атасы Казакстанда болгон», — деп билдирди Корул айылынын башчысы.

Окуяга күбө болгон жарандын айтымында, унаа бетон тосмосу жок жерге туруп калган.

«Биз барганда сел басаңдап калган экен. Унаа биздин алдыбызда кетти эле. Барсак унааны сел коктууга агызып кетиптир. Барып эле бир келинди кыздары, балдары менен алып чыктык. Баарынын эле жаны бардай сезилип жаткан», — деди күбө.

Ал эми унаанын айдоочусу Алай районунун Жибек-Жолу айыл аймагынын Мурдаш айылынын тургуну болгон.

«Айдоочу Ошко каттап иштейт эле. Ошол күнү да Ошко кетип жаткан экен. Ушундай окуя болуп кетиптир. Кечээ туугандары барып, өлүк сактоочу жайдан алып келишти. Бүгүн саат 14:00дө жерге берилет. Артында 6 баласы калды», — деп билдирди Мурдаш айылынын айыл башчысы.

Каза болгон жарандар:

1. Корул айылынын 1992-жылы туулган тургуну Т. кызы А. (кыздардын апасы);
2. Корул айылынын 2019-жылы туулган тургуну А.Я. (Т. кызы А.нын кызы);
3. 2023-жылы туулган А.Э. (Т. кызы А.нын кызы, тез жардам унаасында каза болгон);
4. Алай районунун Будалык айылынын 1961-жылы туулган тургуну Р.Г.;
5. Алай районунун Мурдаш айылынын 1964-жылы туулган тургуну Т.К. (айдоочу);
6. Гүлчө шаарынын 1987-жылы туулган тургуну М.Б. (аял киши).

Ооруканага жеткирилгендер:

1. 2016-жылы туулган А.Д. — абалы жакшы, үйүнө чыгарылган;
2. Гүлчө шаарынын 2016-жылы туулган тургуну М.Ы. — абалы орто оор, стационардык дарыланууда.

Ош шаардык мейитканасынан билдиришкендей, селден кийин 5 адамдын жансыз денеси жеткирилип, баарын туугандары алып кетишкен.                  

ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 24-июнунда саат 14:17 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 59-58-чакырымында сел жүрүп, «Мазда» үлгүсүндөгү автоунааны сел суусу агызып кеткени тууралуу маалымат ыкчам нөөмөт кызматына келип түшкөн. Окуя болгон жерде Кара-Суу районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган.

Жерине барган маалда, ошол жерде эки жарандын сөөгү жүргүнчүлөр жана жергиликтүү тургундары тарабынан чыгарылган. Андан сырткары дагы үч жаранды Алай райондук ооруканасына жиберишкен. Жолдо кетип бара жатып, бир жаран каза болуп калган. Куткаруучулар сел сууларынан издөөнүн натыйжасында дагы үч жарандын сөөгү табылган. Жалпы 6 адам каза болгон. Эки жаран ооруканага жеткирилген.

Чыйырчык жайлоосунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен малдар сууга акканы тууралуу маалымат түшкөн. Жергиликтүү бийлик менен биргеликте тактоо иштеринин жыйынтыгында 31 койду сел суулары агызып кеткени аныкталган. Андан сырткары ага жакын Беш-Коңшу, Бек-Жар жайлоолорун текшерүүнүн негизинде башка жабыркагандар катталган эмес.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз