Кыргызстандык жаран АКШда жол кырсыгынан улам каза болду

АКШнын Канзас штатында катуу бороондун айынан I-70 автострадасында, Гудленд менен Колби шаарларынын ортосунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 2000-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ш.Б. каза болду, деп жазат "Сводка АКИпресс" басылмасы.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Чикагодогу Башкы консулдук кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн бери жергиликтүү бийлик органдары жана маркумдун жакындары менен тыгыз байланышта болууда. Учурда анын сөөгүн мекенине алып келүү маселеси каралууда.
 
Акыркы маалыматтарга ылайык, катуу шамалдан улам Канзас штаты 8 адамдын өлүмүн тастыктагандан кийин, жалпы каза болгондордун саны АКШ боюнча кеминде 26га жетти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз