АКШда кыргызстандык үй-бүлө каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда Кыргызстандык үй-бүлө каза болду. Алардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн каражат чогултулууда, деп жазат "Сводка АКИпресс" басылмасы.
 
Америкалык GoFundMe краудфандинг платформасындагы маалыматка ылайык, Азамат менен Бермет 2012-жылы АКШга барып, логистика тармагында иштеп жүрүшкөн. 2019-жылы алардын «өзгөчө» уулу төрөлүп, ага Амин деген ат коюшкан.
 
Порталдын маалыматы боюнча, Кыргызстандык үй-бүлө «кылмыштуу ойдун» кесепетинен каза тапкан. Учурда АКШдагы кыргызстандыктар алардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн каражат топтоодо.
 
Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул үй-бүлөнүн өлтүрүлгөнүн тастыктап, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.
 
Азамат 45 жашта, Бермет 47 жашта, ал эми алардын уулу 5 жашта болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз