Бразилия Жапонияны утуп, 1/8 баскычына чыкты

Бразилиянын футбол боюнча курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыккан экинчи команда болду.

Плей-оффтун биринчи раундунда бразилиялыктар Жапониянын курама командасына каршы ойноп, 2:1 эсебинде оор жеңишке жетишти.

Жапониялыктар атаандашынын одоно катасын колдонуп, биринчи таймда эсеп санын ачты.

Экинчи таймда Бразилия басымды күчөтүп, тез эле эсепти теңей алды.

Оюндун 90+5-мүнөтүндө бразилиялыктар экинчи голун киргизип, жеңишти илип кетишти.

1/8 финалда Бразилия Норвегия - Кот-д'Ивуар жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт.

Буга чейин 1/8 финалга Канаданын курама командасы чыккан, ал 90+2-мүнөттө киргизилген голдун аркасы менен Түштүк Африка Республикасын жеңген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз