Бельгия Сенегалды араң жеңип, 1/8ге өттү
Бельгиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты.
1/16 финалдык беттеште бельгиялыктар Сенегалдын курама командасына каршы ойношту.
Сенегалдыктар биринчи таймда эсепти ачып, экинчи таймдын башында 2:0 эсебинде алдыда болушкан. Бирок Бельгия 86-мүнөттө бир гол киргизип, дагы 3 мүнөттөн кийин эсепти теңеди — 2:2.
Кошумча 30 мүнөттүк оюнда бельгиялыктар 120+5-мүнөттө дагы бир гол киргизип, жеңишти жулуп алышты, ошондой эле 1/8 финалга жолдомо алышты.
Кийинки баскычта Бельгия АКШ менен ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

