Португалия 1/8 финалга өтүп, Испания менен ойномой болду

Португалиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты.

Плей-оффтун биринчи раундунда португалиялыктар Хорватиянын курама командасы менен ойноп, жеңишке жетишти.

Беттештеги эсепти экинчи таймдын башында Иван Перишич ачып, Хорватияны алдыга алып чыкты. Криштиану Роналду тез эле гол киргизди, бирок ал офсайддан улам эсепке алынган жок. Бир нече мүнөттөн кийин 41 жаштагы Криштиану Роналду пенальтини ийгиликтүү аткарып, эсепти 1:1 кылды.

Оюндун аягында хорватиялыктар экинчи голду киргизишти, бирок ал да офсайддан улам жокко чыгарылды. Андан кийин Португалиянын курама командасынын башкы машыктыруучусу Криштиану Роналдуну алмаштырды.

Кошумча убакытта Гонсалу Рамуш гол киргизип, Португалияны алдыга алып чыкты.

Хорватия оюндун 90+13-мүнөтүндө Йошко Гвардиолдун так соккусу менен эсепти теңеген, бирок калыс VARдын жардамы менен бул голду да жокко чыгарды.

Португалия 2:1 эсебинде жеңишке жетип, плей-оффко өттү. Кийинки баскычта Португалия Испания менен ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз