Испания Австрияны ири эсеп менен утуп, кийинки баскычка жолдомо алды

Испаниянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/16 финалында Австрияны ишенимдүү жеңди.

Беттеш 3-июлга караган түндө өтүп, 3:0 эсеби менен аяктады.

Испаниялыктар беттештин жүрүшүн ишенимдүү көзөмөлдөп, жоопсуз үч гол киргизип, турнирдин кийинки баскычына чыгышты.

Микель Оярсабал дубль менен айырмаланды, дагы бир голду Педро Порро киргизди.

Ламин Ямал беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.

1/8 финалда Испания Португалияга каршы ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз