Оштун мэри жаш баланын өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына баласынын тиешеси жоктугун айтты

Окуя болгон жерден сүрөт. Сүрөт: "Турмуш" 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абадда жаш баланын өмүрү кыйылган жол кырсыгына анын баласынын тиешеси жоктугун айтты. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Токторбаевдин маалыматына ылайык, "БМВ" үлгүсүндөгү унаанын ролунда анын уулу эмес, бир тууган инисинин 2000-жылы туулган уулу болгонун, ал кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга камалган.

«Бүгүн социалдык тармактарда байма-бай тарап менин атыма жабылган каргашалуу унаа кырсыгы боюнча расмий жооп берип коюну чечтим.15-март түнкү 21:00 чамасында Жалал-Абад шааарынын Р.Азимов көчөсүндө жол-транспорт кырсыгынан эки жаш баланы сүзүп кетип, окуя болгон жерде бири жан берген.«BMW» үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган.
 
Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З  болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып 15-майга чейин (эки айга) убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча атайын органдар тарабынан коомчулукка ошондо эле расмий маалыматтар берилген», деп жазган ал.
 
Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы 15-март күнү Р. Азимов көчөсүндө «БМВ» үлгүсүндөгү унаа тротуарда бара жаткан 2020-жылы туулган Т.А., 2022-жылы туулган Т.А.ны сүзүп, айдоочусу унааны таштап, качып кеткенин, тергөө иштери башталганын билдирген. 
 
Натыйжада 2022-жылы туулган Т.А. Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган, ал эми 2020-жылы туулган Т.А.(кыз бала) алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
 
Бул окуядан кийин коомчулук «БМВ» унаасын Жеңишбек Токторбаевдин уулу башкарып бара жатканын жазышып, чыныгы күнөөлүүнү жашыруу аракети болуп жатканын билдиришкен болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз