Аргентина Кабо-Вердени кыйынчылык менен утуп, 1/8 баскычына жолдомо алды

Аргентинанын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты.

Плей-оффтун биринчи раундунда аргентиналыктар өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына чыккан Кабо-Верде курама командасына каршы ойноду.

Лионель Месси 29-мүнөттө эсепти ачып, турнирдеги жетинчи голун киргизди.

Экинчи таймда кабо-верделиктер Дерой Дуартенин так соккусунан кийин эсепти теңей алышты.

Мелдештин негизги убактысы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Кошумча убакыттын экинчи мүнөтүндө Лисандро Мартинес кайрадан Аргентинаны алдыга чыгарды, бирок Сидни Кабрал эсепти 2:2 кылды. Мелдештин 111-мүнөтүндө Дисней Борхес өз дарбазасына гол киргизип алды.

Аргентина 3:2 эсебинде жеңишке жетип, 1/8 финалга чыкты. Ал жерде пенальтиден Австралияны жеңип алган Египет менен ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз