Бардык азиялык командалар Мундиал менен кош айтышты
2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын 1/16 финалындагы Австралия менен Египет курамаларынын беттеши жыйынтыкталды.
Оюн АКШнын Арлингтон шаарындагы «Эй-Ти-энд-Ти» стадионунда өттү. Беттештин башкы калысы уругвайлык Густаво Техера болду.
Негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктап, пенальтилер сериясында Египет 4:2 эсебинде жеңишке жетти.
Беттештеги эсепти 13-мүнөттө Египеттин жарым коргоочусу Эмам Ашур ачты. Экинчи таймдын 55-мүнөтүндө египеттик коргоочу Мохамед Хани өз дарбазасына автогол киргизип, эсеп теңелген. Ал эми беттештен кийинки пенальтилер сериясында египеттик футболчулар так аткарып, кийинки баскычка жолдомо алышты.
Австралия D тайпасында экинчи орунду ээлеп плей-оффко чыккан болсо, Египет G тайпасын экинчи орун менен аяктаган.
Эми 1/8 финалда Египет Аргентина менен ойнойт.
Ушуну менен Азиядан барган курамалардын баары Мундиалдан кетмей болду. Буга чейин Япония Бразилиядан жеңилип, үйүнө кайткан болсо, Түштүк Корея, Өзбекстан, араб командалары тайпадан чыкпай калган. Плей-оффко эки гана Азия командалары – Япония менен Австралия чыккан болчу.
2026-жылкы Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Турнирдин учурдагы чемпиону — Аргентина. Аргентиналыктар 2022-жылы Катар өткөн финалда Франция курамасын 3:3 (пенальтилер сериясында 4:2) эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болушкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

