Англия Мексиканы утуп, чейрек финалга жолдомо алды
Англиянын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
1/8 финалда англиялыктар Мехикодогу «Ацтека» стадионунда талаа ээси Мексика курамасына каршы беттешти.
Оюндун башталышы мексикалыктардын үстөмдүгү менен өтүп, алар бир нече кооптуу чабуул уюштурганына карабастан, англиялыктар дарбазасын сактап кала алышты.
Суу ичүү үчүн берилген тыныгуудан кийин Англия курамасы демилгени өз колуна алып, оюнду атаандашынын жарым талаасында жылдыра алышты. Көп өтпөй 98 секунд аралыгында эки гол киргизди. Адегенде Жуд Беллингем Букайо Саканын асмадан узаткан тобун башы менен дарбазага багыттап эсепти ачса, кийинки эле чабуулда Харри Кейндин пасынан кийин дагы так сокку узатып айырманы эки эсеге жеткирди.
Мексикалык футболчулар дароо жооп кайтарып, эсепти кыскарта алышты. Голду Сауд Арабиясынын «Аль-Кадисия» клубунда ойногон чабуулчу Хулиан Киньонес киргизди.
Биринчи таймдын калган бөлүгүндө эки команда тең кооптуу учурларды жараткан менен эсеп өзгөргөн жок. Тыныгууга Англия 2:1 эсебинде алдыда кетти.
Экинчи тайм башталары менен англиялыктар үчүнчү голду киргизүүгө жакын болушту, бирок Нико О’Райлинин соккусу дарбазанын түркүгүнө тийди.
54-мүнөттө австралиялык башкы калыс Жаррелл Куансага түз кызыл айып кагазын көрсөтүп, Англия курамасы он оюнчу менен калды.
Сан жагынан артыкчылыкка ээ болгон мексикалыктар чабуулга өтүүгө аракет кылышты. Бирок алардын чабуулу ийгиликсиз аяктап, англиялыктар ыкчам каршы чабуул уюштурду. Анда «Барселонага» жаңы кошулган Энтони Гордон атаандашын эреже бузууга мажбурлап, пенальти алып берди.
Пенальтини адегенде Беллингем аткармакчы болгон, бирок топту Харри Кейнге калтырды. Англиянын капитаны 11 метрлик соккуну так аткарып, бул турнирдеги алтынчы голун киргизди.
69-мүнөттө бул ирет Харри Кейн өз айып аянтчасында эреже бузуп, Мексика пенальтиге ээ болду. Англиянын «Вулверхэмптон» клубунда ойногон Рауль Хименес мүмкүнчүлүктү пайдаланып, эсепти 2:3кө чейин кыскартты.
Беттештин калган бөлүгүндө мексикалыктар тынымсыз чабуул койгон менен англиялыктар ишенимдүү коргонуп, жеңишти сактап калышты.
Жыйынтыгында Англия Мексиканы 3:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын чейрек финалына жолдомо алды. Эми англиялыктар чейрек финалда Бразилияны утуп чыккан Норвегия менен беттешет.
1/8 финал
Мексика — Англия — 2:3 (1:2)
Голдор:
- Жуд Беллингем, 36 — 0:1-
- Жуд Беллингем, 38 — 0:2-
- Хулиан Киньонес, 42 — 1:2-
- Харри Кейн (пенальти), 60 — 1:3-
- Рауль Хименес (пенальти), 69 — 2:3
Кызыл айып кагазы:
- Жаррелл Куанса (Англия), 54-мүнөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

