Кырсыкка учураган учак кайсыл жылы чыгарылган?
«Манас» аэропортунда Ошко сапар алган учак авариялык конуу жасады, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Анын 2019-жылдын 15-ноябрынан тарта «TezJet Air Company» авиакомпаниясы тарабынан колдонулуп жүргөн EX-80003 номурлуу McDonnell-Douglas MD-83 жүргүнчү ташыган учак болгону аныкталды.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Тез Жет» ЖЧКсынын негиздөөчүсү «АККА компаниялар тобу» ААК болуп саналат. Өз кезегинде «АККА компаниялар тобунун» негиздөөчүлөрү Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, Павлов Владимир Владимирович, Булатов Чыңгыз Хасанович, Орунтаева Элмира Калиевна, Касымова Астра Мехоматжановна, Ким Евгения.
Ал 1996-жылы АКШдагы «Long-Beach» заводунда чыгарылган, анын сериялык номуру — 2132, ал эми биринчи учуусу 1996-жылдын 1-мартында болгон. Акыркы бир нече жыл ичинде учак үзгүлтүксүз каттамдарды аткарып келген, анын ичинде 2026-жылдын 4-июлундагы Домодедово — Бишкек маршруту да бар. Кырсык болгон учурда ал активдүү эксплуатацияда болуп, «TezJet Air Company» компаниясына келип түшкөндөн бери 6 жыл 7 айдан ашык убакыт колдонулган. Учак MD-80 / Boeing 717 сериясындагы жүргүнчү ташуучу кемелердин категориясына кирет жана ADS-B hex 6010C6 идентификациялоо тутуму менен жабдылган.
Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, учак ички жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн колдонулуп, окуяга чейин оң абалда болгон. Учурда кырсыктын себеби такталууда.
Учактын мүнөздөмөсү:
Сыйымдуулугу: стандарттык жайгаштырууда болжол менен — 155-172 адам; максималдуу сыйымдуулугу — 172-180 адам.
Салондун узундугу: болжол менен 42,9 м
Фюзеляждын узундугу: болжол менен 45,1 м
Канаты: 32,8 метр.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

