Орунтаев: Кыргызстандагы турак жай рыногу ашыкча бааланган эмес

Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногу учурда ашыкча бааланган эмес. Бул тууралуу 9-июлда курулуш министри Нурдан Орунтаев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, турак жай бааларынын өсүшү негизинен суроо-талаптын жогору болушу жана курулуш материалдарынын кымбатташы менен байланыштуу.

«Эгер курулуш көлөмү өсүп жатса, демек ага суроо-талап бар. Бул суроо-талап жөн жерден пайда болгон жок», — деди министр.

Орунтаевдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда курулуштун өздүк наркы болжол менен бир чарчы метрине 800–900 долларды түзөт. Сатуу учурунда бул суммага орточо 20–30% кошулат, мындан тышкары жер тилкесинин баасы жана башка чыгымдар да эске алынат.

Министр ошондой эле өлкөдө арматуранын баасын 56–58 сом деңгээлинде кармап калууга мүмкүн болгонун айтты. Анын айтымында, буга чейин металлдын баасы 70–80 сомго чейин көтөрүлүп кеткен учурлар болгон. Кытайдан арматура импорттоого уруксат берилгенден кийин баалар турукташкан.

Башка өлкөлөр менен салыштыруу тууралуу сөз кылган Орунтаев, Кыргызстандагы турак жай Өзбекстанга караганда кымбатыраак, айрым учурларда Астана менен тең тайлашарын жана Алматынын деңгээлине жакындаганын белгиледи. Анын айтымында, баалар азырынча Москванын деңгээлине жете элек.

Ошондой эле министр кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талапты жарандардын ипотека же насыя алуу мүмкүнчүлүгү менен байланыштырды. Анын пикиринде, ай сайын болжол менен 1000 доллар киреше тапкан жарандар турак жай сатып алууга көбүрөөк кызыгып жатышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз