Конор Макгрегордун көп жылдык тыныгуудан кийинки беттеши ийгиликсиз башталды
Конор Макгрегордун UFC 329 турнириндеги кайтып келиши ийгиликсиз аяктады.
Башкы беттеште ал америкалык Макс Холлоуэйге каршы чыккан. Беттештин алгачкы секунддарында эки жолу бут менен сокку урганда ийгиликсиз жыгылып, бутунан жаракат алды.
Макгрегор күрөштү улантууга аракет кылганы менен, бутуна тура албай калган. Натыйжада калыс кармашты токтотуп, 1 мүнөт 9 секунддан кийин Макс Холлоуэйге техникалык жеңиш берди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

