Шайырбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү сентябрга чейин узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевди камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Ал КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айыпталууда. Анын камактагы мөөнөтү 16-сентябрга чейин узартылды.

ИИМ 1-апрелде «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схеманы иликтөөнүн алкагында Ташиев кармалганын билдирген. Мамлекетке алынбай калган киреше жана төлөнбөгөн салыктар менен кошо 4,1 млрд сомдон ашык зыян келтирилген.

Ташиев Шайырбек Кыдыршаевич — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз