Венгриядагы рейтингдик мелдешке бара турган кыргыз спортчулары анык болду

Венгрияда өтө турган рейтингдик турнирге катыша турган грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын жаңыланган курамы белгилүү болду.

2026-жылдагы Ranking Series мелдештеринин төртүнчү жана акыркы этабы 15–19-июль күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 10 комплект медаль ойнотулат. Бул байгелер үчүн Кыргызстандан 10 балбан күч сынашат.

Буга чейин курама команданын курамына 9 спортчу киргени маалымдалган. Кийин командага дагы бир балбан — Ырыскелди Максатбек уулу кошулуп, ал 82 кг чейинки салмакта күрөшөт.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы

  • 60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков
  • 63 кг чейин — Афтандил Таалайбек уулу
  • 72 кг чейин — Раззак Бейшекеев
  • 77 кг чейин — Алибек Бердиев
  • 82 кг чейин — Акжол Махмудов жана Ырыскелди Максатбек уулу
  • 87 кг чейин — Асан Жанышов
  • 97 кг чейин — Узур Жузупбеков
  • 130 кг чейин — Эрлан Манатбеков жана Нурболот Токтогонов

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз