Испания 2026-жылы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду

Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетти.

Финалдык беттеште Европанын учурдагы чемпиону дүйнөнүн учурдагы чемпиону Аргентина менен кез келди.

Испаниялыктар үстөмдүк кылып, бир нече кооптуу учурду жараткан. Бирок аларды голго айланта алышкан жок.

Негизги убакыттын акыркы мүнөттөрүндө Аргентинанын жарым коргоочусу Энцо Фернандес экинчи сары айып кагазын алып, талаадан четтетилди.

Лионел Месси баштаган Аргентина биринчи кошумча таймда коргонууда туруштук бере алды. Бирок экинчи кошумча таймдын алгачкы мүнөтүндө гол өткөрүп жиберди. 

Беттеш 1:0 эсебинде Испаниянын пайдасына аяктап, испаниялыктар тарыхында экинчи жолу дүйнө чемпиону болушту. Алар буга чейин 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утушкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз