Күндүн аптабы 12 градуска чейин төмөндөйт
Кыргызстандын аймагында 21-июлга карата температура акырындап +28 градуска чейин төмөндөйт. Бул тууралуу «Ventusky» кызматынын маалыматынан белгилүү болду.
Маалыматка караганда, 20-июлда түндүк-батыштан атмосфералык фронт жакындай баштайт, 22-июлда фронт Казакстан жана Кыргызстандын аймагын түз кесип өтөт — Бишкекте температура +22°Cге чейин төмөндөйт. Кийинки эки күндө, 23–24-июлда абанын температурасы бир аз гана — +23...+24°Cге чейин жылыйт.
25-июлга карата фронттун чыгышка жылышы жана Казакстандын үстүндө антициклондун калыбына келиши күтүлүүдө, бул туруктуу жана жылуу аба ырайынын кайтып келишин камсыздайт: температура акырындап +27...+28°Cге чейин көтөрүлөт. Ошентип, бир жуманын ичинде атмосфералык фронттун өтүшүнө байланыштуу температура дээрлик 12 градуска өзгөрөрү күтүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

