Акжол Махмудов кайрадан казак балбанына утулуп калды
Акжол Махмудов Венгриядагы күрөш боюнча рейтингдик турнирде медаль утпай калды.
«Ranking Series'тин» акыркы төртүнчү баскычы ушул күндөрү Будапешт шаарында өтүп жатат.
Махмудов 82 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштады.
Кыргызстандык спортчунун алгачкы атаандашы казакстандык Демеу Жадраев болду. Буга чейин спортчулар Париж олимпиадасынын чейрек финалында кез келип, анда казакстандык балбан 3:1 эсебинде жеңишке жеткен эле.
Будапештте Махмудов биринчи болуп партерге укук алып, бирок алгачкы аракетте кармашты ишке ашыра алган жок. Кыргызстандык балбан экинчи аракетте кармашты ишке ашырып, аракет жасап, бирок өзү алдыда калды.
Жадраев учурдан пайдаланып, атаандашынын далысын жерге тийгизди.
1/8 финалда Жадраев түркиялык спортчуга утулуп калып, Махмудовду коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.
Буга чейин ушул эле турнирде алгачкы кармашта жеңилген Айпери Медет кызы менен Раззак Бейшекеев да медалсыз калышкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

