Орусиянын соккусунан Запорожьеде үч адам каза болуп, 42 киши жаракат алды

19-июль күнү кечинде Орусиянын аскерлери башкарылуучу авиациялык бомбалар менен Украинанын Запорожье шаарына сокку урду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, чабуулдун кесепетинен турак жайлардын бири жарым-жартылай талкаланды.

Алдын ала маалымат боюнча, чабуулдан үч адам каза болду. Алар — 71 жана 72 жаштагы эки аял, ошондой эле 11 жаштагы кыз.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдиргендей, чабуулдан 41 адам жаракат алган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын 19-июль кечиндеги такталган маалыматына ылайык, жаракат алгандардын саны 42 адамга жетти. Алардын арасында сегиз бала бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз