Алайкуунун аба ырайын өлчөгөн "Кызыл-Жар” метеостанциясы
Совет доорунда Алайкуу өрөөнүндөгү жылдын төрт мезгилиндеги аба ырайынын өзгөрүүсүн көзөмөлдөп, байкоо жүргүзүп турган жана ал маалыматтарды борбор шаар Фрунзедеги Гидрометборборго жөнөтүп турган мамлекеттик атайын ишкана Кызыл-Жар гидрометстанциясы болгон. Алайкуу элине кызмат кылган башка мекеме ишканалардын ичинен “Кызыл-Жар” гидрометстанциясы өзгөчө мааниге ээ болчу. Анткени бул ишкананын берген маалыматтарына таянып, кыштын оор же жеңил болушу жаздын эрте же кеч келиши, жылдын кургакчыл же жаанчыл болушу аныкталып, ошого жараша колхоз совхоздордогу жер айдоо, сугаруу, оруп-жыйуу, малды кыштатуу ж.б. иштер уюштурулуп, алдын ала пландаштырылып турган. Ушундай мааниси чоң кыргыз гидромет борборунун түзүлгөнүнө быйыл 100 жыл толуп, бүт республикада белгиленгени турат.
Кыргыз гидромет борборунун Кызыл-Жар метеостанциясынын тарыхы жана ишмердүүлүгү 1954-57-жылдарга барып такалат. Муну станциянын азыркы күндөгү жетекчиси Сапиев Шекербек Токтобаевич баяндайт. Анын айтымында, мекеменин имараты 1954-жылы курулган. Метеостанциянын алгачкы жаан-чачын жана шамал өлчөөчү аппараттары Чычырканак жана Алайкуу сууларынын кошулган кошулуштагы көпүрөнүн башына орнотулган.
1954-жылдан 1968-70-жылдарга чейин бул метеостанциянын жетекчилери жана адистери жалан орус улутунан болушкан. Алгачкы жетекчиси ким болгондугун белгисиз, бирок, 1968-жылы Аскар Мамбеталиев аттуу адис келип, начальник болуп иштеген. Ал 1977-жылга чейин жетектеп турган экен. Ошол жигит иштеп жүргөн мезгилде орус кызматкерлер кете баштап, ордуларына жергиликтүү кыргыздар кирип, иштей башташкан. Ошентип гидрометстанция жаатындагы жергиликтүү кыргыз адистер өсүп чыккан. 1977-жылы Аскар Мамбеталиев жетекчиликтен кеткенден кийин, анын ордуна Жунус Алиев дайындалат. Ошол кездеги метеостанцияда иштегендердин саны 7-8 адамга жеткен.
Ал кезде бир суткада 8 жолу маалымат берилип турчу, демек, ар бир 3 саатта аба ырайы текшерилип турган дегенди билдирет. Станцияда Койчуман Жээнбаев, Курманбек Арапбаев Исраил Турдалиев, Каргадай Чыныбаев, Шаршен Алиев, Карим Базарбаев, Мокуш Таникулов, Айсулуу Акунова, ысык-көлдүк Жоомарт деген жигит иштеп кетишкен.
Азыркы мезгилдеги Кызыл-Жар метеостанциясынын жетекчиси Шекербек Сапиев. Ал 1980-жылы катардагы кызматкер болуп жумушка орношкон. Кийин 1984-87-жылдары Ташкенттеги гидрометтехникумун окуп бүтүргөн. Бул окуу жайды Жунус Алиев менен Каргадай Чыныбаев да окуп келишкен. Калган кызматкерлердин баары Бишкектеги гидрометтин окуу жайын бүтүп келип, иштеп жүрүшкөн.
1999-2001-жылдары метеостанция убактылуу жабылат жана 2001-жылы Кызыл-Жар метеостанциясы бир штат менен метеопост болуп кайра түзүлүп, Өзгөндөгү БГМСке баш ийдирилет. Азыркы кездеги иш режим боюнча сааркы саат 9дан 1, кечки саат 9да 1 жолу, жалпы 2 жолу аба ырайы боюнча маалымат берилип турат. Андан тышкары жаан чачын кар көчкү сыяктуу метеокубулуштар болгон сайын өз убагында маалымат берилип келе жатат.
2000-жылдарга чейин кыш айларынын акыркы он күндүгүндө Кара-Таштагы жаан чачын өлчөөчү атайын точкаларга, андан ары Терек-Талаадан ары Терек жайлоонун ичинен башына чейин барып изилдөө, байкоо, ченөө иштерин жүргүзүп келишчү. Ошондой эле Көк-Арт, Кашка-Суу, Саба-Жарды, Таркол, Эшек-Арт, Көк-Ой сыяктуу алыскы аймактардагы кар көчкүлөрдүн мөңгүлөрдүн өлчөмдөрүн ченеп, Фрунзедеги гидрометборборго жөнөтүп турушчу. Көрсө ошол алыскы бийик тоолуу аймактардагы кар көчкүлөрдүн мөңгүлөрдүн өлчөмдөрү аркылуу суу сактагычтарга топтолуучу суунун өлчөмдөрүн болжолдоп, эсептеп жазгы сугат иштерин пландоочу тура.
Ал эми союз тарагандан кийин андай иштердин баары токтоп, алардын ордуна космостогу спутниктерге таянып иштөөчү заманбап аппараттар коюлуп иштеп атат деп эскерүү менен ошол аппараттарды көрсөтүп, ар биринин аткарган кызматтарын баяндап берип жатты. Ошол жаңы орнотулган спутник аркылуу иштөөсүн автоматтык станция Алайкуу өрөөнү боюнча аба ырайынын кубулуштары тууралуу маалыматтарды автоматтык режимде Бишкектеги Гидрометборборго жөнөтүп турат экен.
Бул автоматтык станция абанын температурасы жаан чачындын өлчөмү шамалдын ылдамдыгы, багыты, кардын калыңдыгы, абанын нымдуулугу сыяктуу метеокубулуштар жөнүндө маалыматтарды берип турат. Ал жерде курулган 2 күркөнүн биринде термометрлер жайгашкан жана кайсы маалда караса дагы ошол маалдагы абанын температурасын көрсөтүп берет. Ал эми экинчи күркөдө күндүзү күн канчага чейин жылыса, ошого чейин көрсөтөт. Кечкурун караганда күндүн канча жылыганын көрсөтүп турат. Үчүнчүсү күндүн минималдуу канча градуска сууктаганын көрсөтөт. Экинчи стойка дагы аппараты осадкомер жаан чачын өлчөгүч деп аталат. Бул эки күркө стойкадагы көрсөткүчтөр күнүгө эрте мененки саат 9да жана кечки 9да Бишкекке маалымат жөнөтүп турат.
“Кызыл-Жар” ГМСсы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 2160 метр бийиктикте жайгашкан. Бул станция Кыргыз гидрометтин Сыр-Дарыя бассейни боюнча Ош облусундагы эң маанилүү суу өлчөөчү станциялардын бири деп эсептелет. Бул пост негизинен Алайкуу, Терек, Тар жана Кара-Кулжа дарыяларынын суу деңгээлинин агымын, бул аймактардагы табигый кубулуштарды жер көчкү, сел коркунучтарын көзөмөлдөө ӨКМге зарыл маалыматтарды берип турууда.
Советбек Бөтөнөев.
КР Ардак грамотасынын ээси, тарыхчы, изилдөөчү
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




