Кир Стармер кызматтан кетти
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер аталган кызматтагы иши аяктаганын жарыялады. Падышалык пресс-кызмат кабарлагандай, падыша Карл III анын отставкасын кабыл алды.
Стармер кайрылуусунда: «Бүгүн Улуу Британия эки жыл мурдагыга караганда күчтүүрөөк жана адилеттүүрөөк болгонуна ишенем», - деп билдиргенин «Sky News» маалымдады.
Стармер Лейбористтик партиянын башында алты жыл турду. Ал бул убакыт ичинде партияны 2019-жылдагы тарыхый жеңилүүдөн 2024-жылкы жалпы шайлоодогу ишенимдүү жеңишке чейин алып келгенин белгиледи.
«Ошондон бери премьер-министр катары силерге жана бул улуу өлкөгө кызмат кылуу мен үчүн сыймык болду», - деп кошумчалады ал.
Стармер өзүнүн мураскери Энди Бернемге ийгиликтерди каалады.
Кир Стармер премьер-министр кызматын 2024-жылдын июлунан бери аркалап келген. Ал отставкага кетүү планы тууралуу 22-июнда Лейбористтик партия жергиликтүү шайлоодо жеңилгенден кийин жарыялаган.
Бийликтеги Лейбористтик партиянын жаңы лидери болуп 56 жаштагы Чоң Манчестердин мурдагы мэри Энди Бернем шайланды. Ал 20-июлда Карл III менен жолуккандан кийин кызматка киришет жана 10 жыл ичиндеги Улуу Британиянын жетинчи премьер-министри болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


