Көчмөндөр оюнунун ачылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Бул тууралуу оюндардын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Стадион оюндардын маданий программасынын жети негизги аянтчасынын биринчиси болот.
Буга чейин объекттин курулушун 1-сентябрга чейин бүтүрүү пландалып жатканы кабарланган.
«Стадиондогу ачылыш аземди уюштуруу Президенттин иш башкармасына жүктөлдү, калган бөлүгүн 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Маданият министрлигинин штабы өткөрөт», - деди Максүтов.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов буга чейин 31-августта стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өтөрүн кабарлаган. Мамлекет башчыларынын катышуусунда командалардын парады өтөт, андан кийин чакан концерттик программа тартууланат.
Стадиондун өзүнүн расмий ачылышы сентябрь айынын аягында өтөрү айтылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


