Жоламан Шаршенбеков Күрөш уюмунун рейтинггине кайтты

Жоламан Шаршенбеков кайрадан Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингге кирди.

26 жаштагы спортчу Венгриядагы рейтингдик турнирде катарынан төрт жолу жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Финалдык беттеште казакстандык атаандашы Ернер Фидахмедов жаракатына байланыштуу күрөшүүдөн баш тарткан.

Бул Париждеги Олимпиада оюндарындагы коло медаль алгандан кийинки Шаршенбековдун 60 кг чейинки салмак категориясындагы биринчи мелдеши болду.

Азыр кыргызстандык спортчу эсебиндеги 13 миң упай менен 23-орунду ээлеп турат. Буга чейин Шаршенбеков узак убакыт тыныгуу алгандыктан, дүйнөлүк рейтингде жок болчу.

5-июнда Шаршенбеков Моңголиядагы рейтингдик турнирде килемге чыгып, ал жерде да алтын медаль уткан. Улан-Батордо кыргызстандык балбан 63 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан.

Моңголиядагы жеңиш Шаршенбековго 8 миң рейтингдик упай алып келип, 31-орунду ээлегенге шарт түзгөн.

Учурда дүйнөлүк рейтингде кыргызстандык спортчу 60 кг чейинки салмак категориясында 23-орунда жана 63 кг чейинки салмак категориясында 33-орунда турат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз