ИИМ: Митингге чакырык жасоого шектелген жаран адамдарды сабап, видеого тартып жүргөн
Массалык башаламандыктарга чакырык боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында шектүүнүн мыйзамга каршы аракеттеринин кошумча фактылары аныкталды.
Буга чейин 2003-жылы туулган О.А. социалдык тармактар аркылуу мыйзамсыз митинг уюштурууга жана массалык башаламандыктарга чакырыктарды жайылтуу менен алектенгени маалымдалган.
ИИМ билдиргендей, кылмыш ишин тергөөнүн алкагында шектүүнүн мыйзамга каршы аракеттеринин кошумча фактылары аныкталды.
«2025–2026-жылдардагы кеминде төрт эпизод аныкталган. Шектүү башка жарандарга карата күч колдонуу учурларын видеого тартып жүргөнү белгилүү болду. Тергөө материалдарына ылайык, жабырлануучулар сабалган, ар-намысы жана кадыр-баркы басмырланып, эл алдында кечирим суроого мажбурланган. Үч эпизод боюнча жабырлануучулардын өздүгү такталып, зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Дагы бир факты боюнча жабырлануучу кыздын өздүгүн жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле шектүүнүн башка дагы мыйзамга каршы аракеттерге тиешеси бар-жогу текшерилүүдө», - дейт ИИМ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

