Өзбекстандын чыгармачыл тобу Өзбекстандын Маданият күндөрүнө катышуу үчүн келишти
Өзбекстандын чыгармачыл делегациясы Кыргызстандын Ысык-Көлүнө Өзбекстандын Маданият күндөрүнө катышуу үчүн келди.
200 адамдан турган делегацияны Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жетектеп келди. Аларды аэропорттон Кыргыз Республикасынын маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.
Өзбекстандын Маданият күндөрү 27–28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Эки күндүн ичинде Өзбекстандын эл артисттери Озодбек Назарбеков, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова, ошондой эле легендарлуу «Ялла» тобунун көркөм жетекчиси Фаррух Закиров Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна бай маданий программаны тартуулашат.
Мындан тышкары, көрүүчүлөрдүн алдында «Навбаҳор» жана «Тумор» бий ансамблдери, ошондой эле Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри өнөр көрсөтөт.
Өзбекстандын Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы 27-июлда «Рух Ордо» маданий борборунда өтөт. Ал эми жабылуу аземи 28-июлда «Дордой Номад» аренасында уюштурулат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

